Биз менен байланышыңыз

Тагаев Сириядагы мекендештерди алып келүү унутулуп жатканын айтты

Кыска кабар | 2 Дек 2021 | 731 | 0

Кыргызстандан Сирияга кеткен балдарына кайгырып жүрүп өлүп кеткен ата-энелер да болду. Жарандарды Сириядан алып келүү маселеси кайрадан каралбай калды. Эл аралык Кызыл крест коому Сириядагы жарандарды алып келүүгө жардам берүүсүн 2021-жылы токтотот деп жатышат. Ушул маселени кайра көтөрүүнү суранам. Мындай сунушту парламент жыйынында депутат Эрмамат Тагаев айтып чыкты.

«Казакстан Сириядан жарандарын эки жолу алып келди, Өзбекстан бир канча жолу алып келди, Тажикстан да алып келди. Орусия алып келди, биздин Кыргызстан бүгүнкү күнгө чейин эмне жасап жаткандыгын түшүнбөйм», — деди депутат.

Ошондой эле ал Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жарандарды алып келүү аракеттерин күчөтүшү керектигин айтты.

Эске салсак, 2020-жылдын 16-мартында Бишкекке Ирактагы согуштук аракеттерге катышты делген кыргызстандык жарандардын балдары мекенге кайтарылган. Алынып келген 79 бала энелеринин макулдугу менен Кыргызстанга атайын миссиянын алкагында жиберилген.

Copyright © 2017 Maral FM