Биз менен байланышыңыз

«Мугалимдердин маянасын депутаттардын айлыгына теңдөө керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Фев 2021 | 2334 | 0

Мүмкүн болсо мугалимдердин маянасын депутат менен министрлердин айлык акысына теңеп коюу зарыл. Бул окутуучулардын кадыр-баркын көтөрүүгө өбөлгө түзөт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мугалимдердин кадыр-баркын жогорулатуу керек. Анткени ЖРТдан жакшы балл алган окуучулар педагогикалык багыттарды тандабай жатат. Бул өлкө келечегине олуттуу зыян алып келет.

Нурбаев билим менен тарбия эриш-аркак болушу керектигин белгилеп, 100 мугалимге караганда 1 ата-эненин тарбиясы маанилүү экенин эскертти. Мындан улам ата-эне жүрүм-турум, иш-аракети менен балдарына үлгү болушу керектигин айтты.

Ата-энелердин жоопкерчилигин көтөрүү багытында роликтер даярдалып, түшүндүрүү иштери жүрүшү зарыл экенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM