Биз менен байланышыңыз

Нурбаев КТРКнын жетекчилигин «оозуңарды ачып отурасыңар» деп сындады

Кыска кабар | 8 Сен 2021 | 605 | 0

Бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев КТРКнын жетекчилигин «Силер оозуңарды ачып, эч нерсени чече албай, көз каранды болуп отурасыңар», — деп сындады. Ошондой эле аталган канал элдин маселесин көтөрбөй турганын айтты.

Нурбаев КТРКнын башкы директору Бактияр Алиевден аталган каналдын рейтингин сурады.

«Силер телеканалдар арасында өзүңөрдүн рейтингиңерди билесиңерби? Азыр канчага түшүп жатканын. Азыр элдин баары ютуб каналдарына өтүп кетпедиби. Рейтингиңер кандай?» — деди Нурбаев.

Бактияр Алиевдин айтымында, 2020-жылы TNS эл аралык компаниясы түзгөн рейтинг боюнча Коомдук телерадиоберүү корпорациясы Кыргызстанда биринчи орунда турат.

Copyright © 2017 Maral FM