Биз менен байланышыңыз

Депутат Нурдинов КТРКны жоюуну сунуштады

Кыска кабар | 8 Сен 2021 | 1296 | 0

Өткөн жылдын октябрь айындагы шайлоодо, андан кийин президенттик шайлоодо КТРК бир жактуу саясат жүргүзүп жатты. Азыр кантип иштээрин да эл көрүп жатат. Ошондуктан КТРКны жоюп, жеке каналга айландыруу керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов бүгүнкү жыйында билдирди.

Анын айтымында, КТРКнын пайдасы жок жана көрсөтүүлөрү бир тараптуу.

Ошондой эле эл өкүлү КТРКнын Байкоочу кеңешинин ишине канааттанбай турганын билдирип, аны кайра түзүүнү сунуштады.

Бүгүн, 8-сентябрда парламентте Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2020-жылдагы иши жөнүндө КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчету угулуп жатат. Бирок жыйынга кеңештин төрагасы Кубат Болотканов гана келди. Башка мүчөлөрү отурумга катышкан жок.

Белгилей кетсек, буга чейин КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчету парламенттин жалпы жыйынында каралып, бирок мүчөлөрү келбегендиктен, кийинкиге жылдырылган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM