Биз менен байланышыңыз

Болгомбаев: КТРКда заманбап студиялар ачылат

Кыска кабар | 10 Июн 2020 | 605 | 0

Коомдук телерадиоберүү корпорациясында бир нече жаңы долбоорлор ачылып, айрым студиялар жаңыртылып, өзгөчө «Баластан» телеканалын жакшыртуу боюнча заманбап студиялар ачылганы турат. Бул тууралуу КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Азамат Болгомбаев парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, карантин учурунда «Баластан» студиясы башталгыч класстар үчүн 140тан ашык сабактарды тарткан.

Өткөн жылы Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешине 30дан ашуун кайрылуу келип түштү. Алардын басымдуу бөлүгү өлкөдөгү руханий баалуулуктарды, улуттук мурастарды, маданий, коомдук, социалдык, спорттук иш-чараларды чагылдырып берүү багытында болгон.

КТРК жетекчилиги корпорацияны өнүктүрүү боюнча төмөнкүдөй сунуштарды берген:

  • Телеканалдын рейтингин акыйкат чыгаруу боюнча уюмдар менен иштешүү;
  • Корпорациянын эл аралык алакасын жакшыртуу;
  • Орусияда атайын бөлүм ачуу;
  • Миң кыял радиосун чыгармачыл-өндүрүштүк бирикме кылып берүү.

Мындан тышкары, социалдык багыттагы да кайрылуулар түшкөн.

-Мисалы, берүүлөрдү жаңсоо түрүндө көрсөтүп берүү боюнча кайрылуу каралып, жетекчиликке тапшырма берилген. КТРК бул боюнча өкмөт менен иш алып барып, жакында эфирге чыгат, — деди Болгомбаев.

Бүгүн, 10-июнда ЖК Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2019-жылдагы иши жөнүндө КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчётун укту.

Copyright © 2017 Maral FM