Биз менен байланышыңыз

КТРКнын башкы директору жеке менчик каналдарды сындады

Кыска кабар | 8 Сен 2021 | 812 | 0

2020-жылы Коомдук телерадио берүү корпорациясы бюджеттен 373 млн сом каражат алган, эл аралык келишимдердин негизинде  59 млн сом тапкан. Бул тууралуу Коомдук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору Бактияр Алиев парламенттин бүгүнкү жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

КТРК мындан сырткары жарнамадан 70 млн сомдун тегерегинде акча табат. Салыктарды алгандан кийин ички бюджетке 50 млн сомдун тегерегинде калат.

«Бүгүнкү күндө бир да канал өзүн-өзү бага албайт. КТРК күнүнө 135 саат эфир көрсөтөт. Анын ичинен 47 сааты — өздүк продукция. А менчик каналдар 2 сааттык продукция жасаса жасайт, жасабаса интернеттен уурдап туруп эле коё беришет. Эгер андай кыла турган болсок, биз деле өзүбүздү-өзүбүз бакмакпыз», — деди Алиев.

Copyright © 2017 Maral FM