Биз менен байланышыңыз

«КТРК революцияларда гана саналуу күн мыкты иштейт»

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Дек 2020 | 834 | 0

Медиаэксперт, КТРКнын мурунку директору Илим Карыпбеков «Маралга» берген маегинде КТРК революцияларда гана саналуу күн мыкты иштегенин билдирди.

Анын айтымында, бийлик КТРКдан жалаң жакшы жаңылыктарды бердирип, жамандарын жашырып келген. Аны калк түшүнүп турат. Бирок КТРКда отургандар түшүнбөйт.

«Эл КТРКнын күчү мурдагыдай деп, революция сайын каналды басып алууга жөнөшөт. Бийликте медиа багытындагы кесипкөйлөр, пиар багытында сапаттуу иштегендер аз болгондуктан, КТРКга басым кылып, «өзүмдүн кишим болушу керек» дей берет. Азыр КТРКда Садыр Жапаровдун саясатынан башка эч нерсе жок», — дейт Карыпбеков.

Ал белгилегендей, жылдан жылга интернет жарнама өнүгүп, телеканалдардын көпчүлүгү жабылып, каражаты азаят. Кыргыз тилдүү программалардын сапаты начарлайт.

Copyright © 2017 Maral FM