Биз менен байланышыңыз

Азамат Болгонбаев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп шайланды

Кыска кабар | 7 Фев 2020 | 606 | 0

Төкмө акын жана коомдук ишмер Азамат Болгонбаев Коомдук телерадио корпорациясынын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

Байкоочу Кеңештин мүчөлөрү жаңы шайланган төраганы куттуктап, КТРКнын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө салымын кошот деген ишеничтерин билдиришти.

2019-жылдын июнь айында  Коомдук телерадио корпорациясынын Байкоочу кеңешинин башчылыгына үчүнчү мөөнөткө  шайланган Жыпар Жекшеев өткөн жылдын ноябрь айында кеңештин төрагалыгынан жана мүчөлүгүнөн өз каалоосу менен кеткен.

КТРКнын Байкоочу кеңеши 15 мүчөдөн туруп, беш жылга шайланат.

Copyright © 2017 Maral FM