Биз менен байланышыңыз

Болгомбаев: Өлкө саясатчыларга же артисттерге эле керек эмес

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Дек 2020 | 865 | 0

Ар бир кыргыз өлкөсү үчүн ойлонушу керек. Анткени мамлекет саясатчыларга же саналуу артисттерге гана керек эмес. Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Азамат Болгомбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, артист чыгармачылыгы менен маданиятты көтөрсө, угарман андан сабак ала билиши зарыл.

Маданият — дүйнөлүк дипломатия. Анткени биринчи алака маданият аркылуу түзүлөт. Кандай гана жолугушуулар болбосун, сөзсүз түрдө тараптардын маданияты, искусствосу көрсөтүлөт. Андыктан маданият — биринчи байланыш.

Саясатка аралашкан өнөр адамдарынын жүрөгү башка тармактан келгендерге салыштырмалуу тазараак болду. Алар талап коюуну билип, улуттун, мамлекеттин таламын талашууга аракет кылды. Мындан сырткары журналистика тармагынан баргандар да башка саясатчыларга караганда алдыңкы катарда турушту.

«Дүйнөгө атагыбызды алып чыга турган тармактардын өкүлдөрү саясатка аралашса, мамлекеттин аброю, улуттун акыл-парасаты, элдин наркы жана даражасы өсөт. Ошондуктан саясатка акылдуу адамдар көбүрөөк аралашуусу кажет жана коомчулук аларды коргоп, колдоп бериши зарыл. Ошондо гана өлкөнүн саясий абалы, келечеги бир жолго түшүшү мүмкүн. Элдин абалына жараша саясатчы чыгат. Биз мыкты жетекчилерди кааласак, көөдөнүбүз да байышы керек», — дейт акын.

Copyright © 2017 Maral FM