Биз менен байланышыңыз

Жээнчороев: КТРК чиновниктерге эмес, элге иштеши керек

Кыска кабар | 8 Сен 2021 | 641 | 0

КТРК мамлекеттик канал эмес, коомдук телеканал. Коомдук болгондуктан чиновниктерге эмес, жалпы коомчулуктун кызыкчылыгына иштеши керек. Мындай пикирин парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев айтты.

Ошондой эле депутат КТРКда жалпы канча адам иштей турганына кызыкты.

КТРКнын башкы директору Бактияр Алиев штаттык негизде 760 адам эмгектенээрин маалымдады.

«760 адам 6 телеканалды камсыздайт. Андан башка дагы 3 радиоканалды камсыздайт. Биздин жалпы бюджетибиз 2020-жылга карата 523 млн сом. Анын 373 млн сому мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт. Эл аралык келишимдерден 59 млн сом, жарнамадан 52 млн сом түшкөн» , — деди Алиев.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 8-сентябрда парламентте Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2020-жылдагы иши жөнүндө КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчету угулуп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM