Биз менен байланышыңыз

Шайлоо менен референдум өткөрүүгө жалпы 480 млн сом бөлүндү

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1535 | 0

Мамлекеттин казынасынан референдумга добуш берүү үчүн 55 миллион 642 миң 300 сом, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо үчүн 425 млн 243 миң 531 сом бөлүндү. Муну менен бюджеттен жалпы 480 млн 885 миң 831 сом бөлүнгөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Эске салсак, ушул жылдын 10-январында өткөн референдумду өткөрүүгө бюджеттен 39 миллион 946 сом бөлүнгөнү, президенттик шайлоого 549 миллион сом коротулгандыгы айтылган.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берүү жүрүп жатат. Добуш берүү үчүн өлкө аймагында 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.

28 шаардык кеңешке 796 депутат, 420 айылдык кеңешке 7 миң 560 депутат шайланат. Жергиликтүү кеңештерге добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 318 миң 130 жаран, референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM