Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Вакцина сатып алууга бюджеттен 600 млн сом бөлүндү

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 533 | 0

Коронавируска каршы вакцина сатып алууга бюджеттен 600 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, бөлүнгөн каражатка Орусияда өндүрүлгөн «Спутник V» вакцинасы алынат. Бир доза вакцина 10 доллар турат.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин айтуусу боюнча калктын 70%ы эмдөөдөн өтүшү керек.

Эскерте кетсек, 29-мартта өлкөдө Кытайдын «SinoPfarm» вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталып, 150 миң дозасы келген.

Ал эми 22-апрелде Орусиядан «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы алынып келинген.

Эмдөө жарандардын макулдугу менен 25-28 күн аралык сакталып эки ирет жүргүзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM