Биз менен байланышыңыз

Кытайга акысыз окууга 17 орун берилди

Кыска кабар | 12 Дек 2021 | 579 | 0

2022-2023-окуу жылына карата Кытайдын жогорку окуу жайларында бакалавриат, магистратура, докторантура боюнча окууга жана тил боюнча стажировкага сынак жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Кытай  2022-2023-окуу жылына кыргызстандыктарды жогорку окуу жайларында даярдоо үчүн 17 мамлекеттик стипендия бөлгөн. КЭРдин окуу жайларына бакалавриат, магистратура, докторантура жана тилди даярдоо программалары үчүн арыз берүү керек.
Шарттары:
— «тил стажировка» программасы боюнча — 18 жаштан;
— бакалавриат программасы боюнча — 18 жаштан 25 жашка чейин;
— магистратура боюнча — 35 жашка чейин;
— докторантура боюнча — 40 жашка чейин.

Стипендия программасына катышуу үчүн талапкерлер https://student.edu.gov.kg/ онлайн системасына кирип, “2022-2023-окуу жылына карата Кытай Эл Республикасынын ЖОЖдоруна кабыл алуу” бөлүмүндө катталуусу керек. Ошондой эле талап кылынган шарттарды аткаруу зарыл.

Сынак 9-январда саат 23:59 аяктайт.

Copyright © 2017 Maral FM