Биз менен байланышыңыз

Байге фонду 250 миң сомду түзгөн китеп окуу сынагы башталды

Кыска кабар | 23 Янв 2022 | 737 | 0

«Оку» долбоорунун алкагында, китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө багытталган VIII Республикалык онлайн китеп окуу конкурсу башталды.  Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары кабарлады.

Ага ылайык, сынак жалпы окурмандар үчүн «Түпкү туюмдун күчү», мугалимдер үчүн «Сингапур билим берүү системасы» жана мектеп окуучулары үчүн «Саманчынын жолу» китептери боюнча болот.

Жалпы байге фонду 250 миң сом.

Катталуу жана сынак www.oku.biz.kg сайтынан online өткөрүлөт. Сынакка катталуу акысыз жана 4-мартка чейин уланат.

Сынак 6-март күнү болот, сааттары:

  • «Сингапур билим берүү системасы» саат 16:00дө онлайн болот;
  • «Саманчынын жолу» саат 18:00дө онлайн болот;
  • «Түпкү туюмдун күчү» саат 20:00дө онлайн болот.

Copyright © 2017 Maral FM