Кечээ, Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын Кыргызстандан чыгып кеткендигин саясатчы Равшан Жээнбеков фейсбук баракчасына жазган.
Бүгүн, укук коргоочу Азиза Абдирасулова Кыргызстандан убактылуу чет жакка чыгып кеткенин «Азаттыкка» ырастап, муну коопсуздугу менен байланыштырды.
«Мен мекенимден чыгып кетүүгө даяр эмес болчумун. Оорукчан абышкам, төрт жашар неберем менин кароомдо эле. Бирок мындай түрдүү чагымчыл чалуу, коркутуулардан соң, аргасыз кетүүгө туура келди. Анткени мен буга чейин эки жолу инсульт алганмын, камалып калууга даяр эмес экенмин. Президенттин курултайда айтканын кайталап уктум, бир катар медиаларга биздин уюмду кошо айтып, «курултайга чакырылган» дегенине таң калдык. Бир сыйра телефон, почта, электрондук почталарыбызды текшердик. Эч кандай чакыруу келбептир»-деп билдирген Азиза Абдирасулова.
67 жаштагы Азиза Абдирасулова 24 жылдан бери укук коргоочу болуп иштеп келет. Ал «Кылым шамы» укук коргоо борборун негиздеген.