Connect with us

Журналист Махабат Тажибек кызы №2 аялдар абагына которулду

Кыска кабар | 29 Дек 2024 | 402 | 0

Иликтөөчү журналист Болот Темиров Фейсбуктагы баракчасына журналист Махабат Тажибек кызы төргөө абагынан түрмөгө которулганын билдирди.

Маалыматка караганда, Махабат Тажибек кызы №2 аялдар абагына которулган. Тажибек кызы менен чогуу кесилген «Айт, айт десе» долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков азырынча тергөө абагында.

Белгилей кетсек, Махабат Тажибек кызы Ленин райондук соту тарабынан алты жылга кесилген. Ал эми Азамат Ишенбеков беш жылга эркинен ажыратылган.

ИИМ журналисттерге “Айт, айт десе” жана Temirov LIVE баракчаларындагы материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM