Август айында селден улам үйлөлү жараксыз абалга келген Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагынын тургундарына жаңы салынган үйлөр берилди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагында жараксыз абалга келген 29 турак үйдүн ичинен 5 турак үй курулуп бүттү, 3 жаран башка жерлерден курулган турак үйлөрдү сатып алды, калган 21 турак үй курулууда.
Жаңы салынган үйлөрдү министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тапшырды.
“Айрыкча башыбыздан өткөн оор күндөн кийин өз үйүбүзгө ээ болуу канчалык маанилүү экенин түшүнөбүз», — деп белгилеген Адылбек Касымалиев «Мамлекет ар дайым сиздердин оор күндөрдө таяныч болот жана бизге камсыздандыруунун маанилүүлүгүн дагы бир ирээт эске салат. Бул кырсык болгон учурда каржылык жактан эле коргобостон, келечекке болгон ишенимди да камсыздайт”-деди ал.
Белгилей кетсек, 18-августтун кечиндеги нөшөрдөн улам кокту-колоттон келген селден Ысык-Көлдүн Темир, Кашат, Бостери, Корумду, Булан-Сөгөттү айылдарында жана Чолпон-Ата шаарынын айрым көчөлөрүндөгү 500гө жакын турак үйдү суу каптап, айрымдары жараксыз абалга келген. Мындан тышкары «Аврора», «Аврора плюс», «Карвен», «Нептун», «Семиран» пансионаттарынын короосуна суу кирген. Селден Темир айылы эң көп жабыр тарткан.
Буга байланыштуу Президентин фондунан бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн 75 900 000 (жетимиш беш миллион тогуз жүз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражаты бөлүнүп берилип, жабыркагандардын документтеринин топтомунун негизинде тийиштүү акча каражаттары төмөнкүчө бөлүнүп берилген:
— 1 000 000 сомдон — 32 адамга (32 000 000 сом);
— 500 000 сомдон — 41 адамга (20 500 000 сом);
— 100 000 сомдон — 234 адамга (23 400 000 сом).