«Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси Түркиянын “Маариф” фондунун балансына өткөндүгү тууралуу расмий билдирүү таратты.
Анда «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин түзүүчүлөрүнүн курамы алмашып, Билим берүү жана илим министрлиги, “Маариф улусларарасы егитим курумлары» акционердик коому менен Түркиянын «Маариф» фондуна катталгандыгы тууралуу маалыматты Юстиция министрлигинин сайтынан көрүшкөнү жазылган.
«»Сапаттын» он миңдеген окуучулары менен студенттери, алардын ата-энелери, мугалимдери жана техникалык кызматкерлери үчүн бул чечим күтүүсүз болду. Бул чечимди кабыл алып жатканда, бардык юридикалык, укуктук маселелердин эске алынгандыгына ишенебиз»,- деген.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Сапат» билим берүү мекемелер тармагынын «Маариф» фондунун башкаруусуна өткөнү тууралуу үн каткан.
Маалыматта, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен «Маариф» эл аралык фондунун өкүлчүлүгүнүн директору Хүснү Биржан 31-декабрда жолугушкан.
Өкүлчүлүктүн директору Хүснү Биржан «Маариф» фонду жакынкы айларда Кыргызстандын билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө ири инвестицияларды тартууну көздөп жатканын айткан.
30-декабрдын кечинде Юстиция министрлиги сайтына «Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси 2024-жылдын 30-декабрында кайра катталганын жарыялаган. Анда үч негиздөөчү бар экени көрсөтүлгөн. Алар Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги, «Маариф Улуслар арасы Егитим курумлары» жана Түркиянын «Маариф» фонду көрсөтүлгөн.
«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин өкүлү бул тууралуу маалыматты Юстиция министрлигинин сайтынан көрүшкөнүн,эч кандай башка комментарий бере албай тургандыгын билдирди. Ал эми Билим берүү министрлиги эч кандай расмий маалымат бере элек.
Жетекчиси Биржан Хуснү экендиги жазылган. «Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси алгач 1994-жылы 8-июнда каттоодон өткөндүгү көрсөтүлгөн.
Кыргызстанда 1992-жылдан бери «Сапат» эл аралык билим берүү мекемелери иштеп келет. Мекеменин курамында 16 лицей, 1 университет, 1 эларалык мектеп, 3 толук эмес жалпы билим берүү мектептери иштеп жатат. Алардын жаңы окутуу технологиялары менен жабдылышына, педагогдордун кесиптик чеберчилигинин, чыгармачылыгынын өсүшүнө шарт түзүп келе жатат.
Сапаттын окуучулары республикалык жана эл аралык олимпиадаларда алдыңкы орундарды алып жүрөт.
Кыргыз бийлиги 2017-жылдын башында «Себат» лицейин «Сапат» деп өзгөртүп, жарым-жартылай өкмөттүн ээлигине алган.
Түркиянын Маариф Фонду 2016-жылы Түркиянын Билим берүү министрлигинин алдында түзүлгөн мамлекеттик уюм. Ал Түркиядагы ички саясий кырдаалдан улам кысымга алынган «Кызмат» кыймылынын дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө ачкан мектептерин улутташтыруунун негизинде өзүнө өткөргөн. Түрк бийлиги Кыргызстанга да бул маселе боюнча бир нече ирет кайрылган. 2016-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев бул маселе боюнча «өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү» деген негизде түрк өкмөтүнүн суранычын четке каккан.
Кыргызстанда «Маариф» фондунун мектеби 2021-жылы Бишкекте ачылган, ал 11 миң чарчы метр аянтты ээлеген кампуста жайгашкан. Бул мектепте билим берүү кыргыз, түрк, орус жана англис тилдеринде жүрөт. Жылдык төлөм 6 миң АКШ долларынын тегерегинде.