Биз менен байланышыңыз

«Учурда тарыхый романдарга жана шыктандыруучу китептерге талап көп»

Билим-маданият , Коом | 18 Фев 2021 | 1860 | 0
Автор: Айпери Жумабай кызы

Бүгүн, 18-февралда Касымалы Баялинов атындагы Балдар жана өспүрүмдөр китепканасында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин 30 жылдыгына арналган эл аралык китеп көргөзмө-жарманкеси өттү. Көргөзмөгө «Турар», «Улуу Тоолор», «Аркус» жана «Бугупресс» басмаканаларынын китептери коюлду.

КМШ аткаруу комитетинин алдында китеп чыгаруу, мезгилдүү басылма, китеп таратуу, полиграфия боюнча өлкөлөр аралык кеңешинин акыркы отурумунда уюмдун 30 жылдыгына карата бардык өлкөлөрдө китеп көргөзмөсүн уюштуруп, ар бир өлкө өзүнүн жетишкендиктерин онлайн форматта бир маалда көрсөтүүнү максат кылышканын Мамлекеттик китеп палатасынын директору Койчуман Момункулов маалымдады.

Анын айтымында, Кыргызстанда китептер чыкканы менен, аны таратуу жолго коюлган эмес. Ошондой эле аймактарда китеп дүкөндөрү дээрлик жокко эсе.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстанда акыркы беш жылдыкты алып көрсөк, статистика боюнча жылына 1200-1300 аталыштагы китептер чыгып жатат. Бул аталыш боюнча көп, бирок нуска жагынан азыраак чыгат, 500-1000ден ашпайт. Жазуучулар көп эле нускада чыгарсак дейт, бирок таратуу жолго коюлган эмес. Аймактарда китеп дүкөндөрү дээрлик жокко эсе. Ошондуктан бизде китеп жайылтуу аксап жатат. Акыркы беш жылда элдин, айрыкча, жаштардын китепке кызыгуусу өсүп жатат. Акыркы эле 2-3 жылда жаштар бир топ басмаканаларды ачышты. «Шам», «Жамгыр», «Шанс» басмаканалары азыркы жаштардын суроо-талабына жооп берген китептерди башка тилдерден которуп, жакшы иш жүргүзүп жатышат». 

Ошондой эле Момункулов китеп басып чыгарууда эч кандай тоскоолдук жок экенин, ким кааласа, басмакана менен сүйлөшүп, чыгара бере турганын, бирок бул бир четинен жакшы болсо, бир четинен ар ким жазуучу атанып, китептерди жайылта бергени туура эмес болуп жатканын кошумчалады.

Учурда коомчулук арасында тарыхый романдарга жана шыктандыруучу китептерге талап көп. Жаштардын көпчүлүгү бир нерсени окуп, тезирээк байып кетүүнү каалашат. Мындай пикирин «Улуу тоолор» басмаканасынын өкүлү Кенжебек Кадыров билдирди.

«Биз негизинен көркөм адабият менен, жазуучулар менен иштейбиз. «Мынча китеп чыгарабыз», — деп так айта албайм, орто эсеп менен жылына 50 миңге жакын китеп чыгарабыз. Азыр дүйнөлүк миллиардерлер жөнүндө жазылган котормолор жакшы өтөт. Акыркы мезгилде жаштар окуу керектигин түшүнүп калды. Окумайынча адам өзүн-өзү өнүктүрө албай турганына көздөрү жетти. Мисалы, 2000-жылдарда китеп такыр эле окулбай калган болчу. Азыр аябай жакшы окулуп жатат, китеп окугандар көбөйдү. Чыккан китептер жылдан жылга жакшы сатылууда». 

Азыр окуу китептеринин арасынан негизинен «Англис тили» китебине талап көп болуп жатканын «Аркус» басмаканасынын өкүлү Айзуура Чыкынова билдирди. Басмакананын окуу китептерин басуудагы бир өзгөчөлүгү — ар бир китепти жумушчу дептери менен кошо чыгарат. Бул — окуучуларга да, мугалимдерге да өтө ыңгайлуу.

«Негизи, биз окуу китептерин көп чыгаргандыктан, акыркы учурда бизден «Англис тили» китебин сурашат. 7-8-10-класстын «Англис тили» китеби жаңы чыгып жатат, негизинен ушул китептерге суроо-талаптар көп. Мындан тышкары Мария Моро деген автордун «Математика» китебин Кыргызстанга ылайыктап, которуп чыгарганбыз. Бул — лицензияланган китептер. Негизи эле Кыргызстанга адаптация кылуунун максаты: балдарга математиканын жеткиликтүү болушу; башка элементтерге алаксыбай, математиканын мазмунун жакшы түшүнүп кетүү». 

Аталган иш- чаранын алкагында 19-февраль күнү саат 14:00дө «Жазуучу жана мезгил» аталышындагы адабиятчылардын эл аралык онлайн-симпозиуму өтөт. Ага КМШ мамлекеттеринин көрүнүктүү акын-жазуучулары, адабиятчылары катышып, жазуучунун бүгүнкү күндөгү абалы, чыгармалардын көркөмдүк сапаты боюнча талкуулашат.

Copyright © 2017 Maral FM