Биз менен байланышыңыз

Белекбаев: Китепканаларда кыргызча китептер 20%га араң жетет

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Апр 2021 | 1453 | 0

Бишкек мэриясына караган шаардык китепканалардагы китептердин 20%ы гана кыргыз тилинде. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маданият башкармалыгынын башчысы Урмат Белекбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, музыкалык мектептер ишин улантууда. Калган маданий мекемелердин иши убактылуу токтотулган.

Маданият башкармалыгынын карамагында 3 маданият үйү, 28 китепкана, 10 музыкалык мектеп, 8 музей жана 17 чыгармачылык топ бар.

Китептерди сатып алууга жыл сайын 1 млн сом каралат. Учурда китепканаларда жалпысынан 1 миллиондой китеп бар. Бирок 20%га жакыны гана кыргыз тилинде. Учурда кыргыз тилиндеги китептерге артыкчылык берилип жатат. Китеп сатып алууда окурмандардын каалоосу эске алынат.

Мындан сырткары эл аралык китепканалар менен кызматташуу жүрүп жатат. Китептердин басымдуу бөлүгү электрондук форматка өткөрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM