Биз менен байланышыңыз

«Үй-бүлөдө китеп аз болсо, көйгөй жаралат»

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Фев 2021 | 2311 | 0

Изилдөөлөргө ылайык, эгерде үй-бүлөдө 80ден аз китеп болсо, ал жерде тарбияланган баланын окуп-түшүнүү жөндөмү жана арифметикада сабаттуулугу төмөн болот. Ал эми үйдө окуу китептеринен сырткары, балдар адабиятынын саны 25тен төмөн болсо, ал үй-бүлөдө көйгөй бар. Бул тууралуу «Китепстан» басма үйүнүн директору Бакытбек Абдуллаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, үй-бүлө, коомдогу көйгөйлөрдүн өзөгүн китеп окубагандык түзүшү ыктымал. Балдарды эрте жашынан китеп окууга көндүрүү маанилүү. NASAнын иликтөөсүндө 2 жаштагы баланын креативдүүлүгү 98% болсо, ЖОЖду аяктаганга чейин 2%га түшүп кетиши ыктымал.

Китепти көп окуган баланын дүйнө таанымы кеңейет.

«Окуган эл озот, окубаган эл тозот» деп коёт. Биз аны жашап жатабыз. Китеп окугандардын саны аздык кылууда. Балага кенже куракта эле ата-эне ага китеп окуп берип башташы керек. Күн сайын 15 мүнөт гана көңүл буруп, чогуу китеп окуса, чоңойгондо жемишин көрөт», — дейт Абдуллаев

Copyright © 2017 Maral FM