Биз менен байланышыңыз

Бишкекте алтынчы кабаттан кулаган баланын абалы оор

Кыска кабар | 26 Мар 2021 | 923 | 0

Кечээ, 25-мартта алтынчы кабаттан кулап кеткен баланын абалы оор. Бул тууралуу Бишкек шаарындагы №3 балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Данияр Шайбеков билдирди.

Анын айтымында, баланын абалы оор деп бааланууда. Сынык-жаракат жок, бирок мээси чайкалган. Учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Эскерте кетсек, 25-мартта милицияга Бишкек шаарындагы №3 балдар клиникалык ооруканасына 6-кабаттан кулаган 1 жаш 3 айлык бала келип түшкөнү тууралуу маалымат берилген.

Copyright © 2017 Maral FM