Биз менен байланышыңыз

Венгриянын университеттерине кабыл алуу сынактары өтүүдө

Кыска кабар | 17 Фев 2021 | 1138 | 0

Өлкөдө Венгриянын жогорку окуу жайларына кабыл алуу сынактары өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, сынактар компьютердик тест аркылуу ишке ашып, адамдык фактор жоюлган.

Талапкерлер тесттин жыйынтыгын компьютерден тест бүткөн соң дароо көрө алат. Ошондой эле жыйынтыктар онлайн форматта ачык шилтеме http://test.ncokoit.kg/infoo.php аркылуу көрсөтүлөт.

Жалпы жыйынтык бүгүн, 17-февралда министрликтин расмий сайтына саат 00.00гө чейин салынат.

Эске салсак, Венгрия быйыл Кыргызстан үчүн жалпы 150 орун бөлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM