Биз менен байланышыңыз

Президент Венгриянын Тышкы иштер министрин кабыл алды

Кыска кабар | 8 Апр 2021 | 1779 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-апрелде Венгриянын Тышкы иштер жана соода министри Петер Сийяртону кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана аны андан ары арттыруу чаралары боюнча пикир алмашуу болду.

Президент Венгрия премьер-министри Виктор Орбанга салам жолдоп, аны Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Садыр Жапаров соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү зарылдыгын белгилөө менен өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн оң динамикасын айтып, ошол эле маалда аны андан ары өнүктүрүүнүн чоң потенциалы бар экенине токтолду.

Мамлекет башчысы Венгриянын айыл чарбасындагы жаңы технологияларды колдонуу тажрыйбасына кызыкдар экенин билдирип, Венгрия тарапка Кыргызстандын аймагына экологиялык таза продукция өндүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылды.

Венгриянын Тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто венгер тараптын эки өлкөнүн стратегиялык мамилелерин олуттуу мазмун менен толтуруу ниети бар экендигин билдирди.

Анын белгилешинче, Венгер-кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстанды экономикалык жактан өнүктүрүүгө венгриялык компаниялардын катышуусуна жакшы мүмкүнчүлүк берет.

Петер Сийярто Виктор Орбанды чакырганы үчүн ыраазычылык айтып, премьер-министр сөзсүз түрдө мүмкүнчүлүктү пайдаланып, сапар менен келип-кетерине бекем ишенимин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM