Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Будапешт түз аба каттамы ачылат

Кыска кабар | 29 Сен 2020 | 597 | 0

Бишкек—Будапешт маршруту боюнча түз аба каттамын ачуу тууралуу макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жолугушуунун жыйынтыктары тууралуу айтып жатып билдирди.

Ошондой эле ал кыргыз маданияты менен жакшы тааныш экенин айтып, дүйнөлүк маданий кенчке салым кошкондугу үчүн Кыргызстанга сый-урмат көрсөтөрүн билдирди.

Бала кезибизде жана өспүрүм курагыбызда «Биринчи мугалим“, «Гүлсарат“ сыяктуу кыргыз чыгармаларын көп окудук. Совет мезгилинде кыргыз жазуучуларынын көптөгөн чыгармалары венгер тилине которулган, биздин муун Кыргызстандын маданияты менен жакындан тааныш. Ошондой эле Кыргызстанда венгерлер менен кыргыздарды бир эл катары эсептешерине кубанычтабыз, — деди Виктор Орбан.

Ал Президент Сооронбай Жээнбековдун расмий визити үстүбүздөгү жылдын апрель айында күтүлгөнүн, бирок коронавирус пандемиясы бул жагдайга таасирин тийгизгенин эске салды.

«Пандемияга карабастан дипломатиялык байланыштар уланышы керек. Сиздин визитиңиз үчүн рахмат айтам», — деп ыраазычылыгын билдирди Венгриянын премьер-министри.

Copyright © 2017 Maral FM