Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирус дагы 69 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 23 Ноя 2021 | 518 | 0

Кыргызстанда 23-ноябрга карата коронавирус дагы 69 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 30, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 19, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 7, Баткен облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 100 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 458 бейтап, амбулатордук түрдө 633 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 953 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 599 киши айыгып чыкса, 2 миң 729 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM