Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 13 мектепте коронавирус аныкталып, онлайн окутууга өттү

Кыска кабар | 18 Янв 2022 | 748 | 0

Бишкекте 13 мектепте коронавирус аныкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, №26, №88, №62, №60, №73, №12, №4, №38, №67, №11, №29, №18, №6 мектептеринен коронавирус табылып, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун нускамасы менен аралыктан окутууга өткөрүлгөн.

Ошондой эле №135 бала бакча толугу менен, №144 бала бакчанын бир тайпасы жабылган.

Copyright © 2017 Maral FM