Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан эки бейтап каза болуп, дагы 426 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 24 Янв 2022 | 309 | 0

Кыргызстанда 24-январга карата коронавирус 426 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 314, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 44, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 18, Баткен облусунда – 22 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада эки бейтап каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 195 миң 820 адам коронавирус жуктурган. Ошол эле учурда 2 миң 851 адам каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM