Биз менен байланышыңыз

Коронавирустун жаңы 37 учуру катталып, эки бейтап каза болду

Кыска кабар | 29 Ноя 2021 | 542 | 0

Кыргызстанда 29-ноябрга карата коронавирус дагы 37 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 19, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусунда – 8 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 64 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 430 бейтап, амбулатордук түрдө 463 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 258 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 112 киши айыгып чыкса, 2 миң 743 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM