Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду түзүлдү. Капиталы 50 млн доллар

Кыска кабар | 8 Апр 2021 | 1697 | 0

Кыргызстан менен Венгрия Венгер-кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү тууралуу келишимге кол коюшту. Документке кол коюу бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Венгриянын Тышкы иштер жана соода министри Петер Сийяртонун расмий иш сапары менен Бишкекке келүүсүнүн алкагында өттү.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдиргендей, штаб-квартирасы Бишкекте жайгашкан алгачкы капиталы 50 млн долларды түзгөн венгер-кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө келишимге кол коюлду.

Анын ичинен 16 млн доллары бүгүн, ал эми калган 34 млн доллары жылдын аягына чейин берилет. Аталган фонддун алкагында Кыргызстандын экономикасы үчүн маанилүү болгон инвестициялык долбоорлор ишке ашырылат.

Ошондой эле Казакбаев аталган фонд айыл чарба, туризм, энергетика жаатында алгылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга инвестиция тартууда уникалдуу аянтча болот деген ишенимин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM