Биз менен байланышыңыз

Сауд Аравиянын Тышкы иштер министри Кыргызстанга келет

Кыска кабар | 15 Июн 2021 | 549 | 0

Сауд Аравия падышачылыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрагим Аль-Ради Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле элчи Сауд Аравия падышалыгынын Тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан Аль Сауддун Кыргызстанга ушул жылдын июль айынын ортосунда келүү ниети жөнүндө айтты.

Бул иш-чаранын маанилүүлүгүн эске алып, министр Руслан Казакбаев кыргыз тараптын Сауд Аравия падышалыгынын Тышкы иштер министрин кабыл алууга даяр экенин билдирди.

Тараптар кыргыз-сауд мамилелерине эки тараптуу жана көп тараптуу форматта дагы кошумча динамика берүү жана өз ара алаканы кеңейтүү зарылдыгына токтолушту.

Ошол эле учурда элчи Сауд Аравия бийлигинин чечимине ылайык коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө үчүн кошумча чараларды көрүү максатында быйыл Меккеге зыярат кылуу өз жарандарына гана уруксат берүү менен өтө турганын айтты.

Өз кезегинде Казакбаев кыргыз тарап эпидемиологиялык кырдаалды эртерээк турукташтырууга үмүттөнүп, бул чечимге түшүнүү менен мамиле кыларын белгиледи.

Ошондой эле жогоруда айтылган маалыматтар тиешелүү мамлекеттик органдарга жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жеткирилет деп ишендирди.

Copyright © 2017 Maral FM