Биз менен байланышыңыз

«Башмыйзамды кеңири талкуулап кабыл алсак, дүйнөлүк коомчулук туура түшүнөт»

Кыска кабар | 24 Дек 2020 | 860 | 0

Кыргызстандагы саясий окуяларга, президенттик шайлоо жана референдум өткөрүү процесстерине дүйнөлүк коомчулук кылдат көз салып турат. Ошол себептүү бул жолу баарын Конституциянын алкагында адилеттүү, калыс өткөрүү маанилүү. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.

— Бул биздин мамлекетибиздин суверендүүлүгүнө, көз карандысыздыгына, ички, тышкы коопсуздугуна таасир этет. 2005-2010-2020-жылкы окуялар көрсөткөндөй, биздин элибиз демократиялык жолубуздан бурулбайт. Конституциялык өзгөртүү жасап жатабыз. Бул — биздин ички ишибиз. Эл кайсы бирин тандаса, ошол жол менен кетебиз. Мында мыйзамга каршы келген эч кандай көрүнүш жок. Болгону долбоор кеңири талкууланып, Коопсуздук кеңешинен баштап, жергиликтүү бийлик тарабынан кеңири түшүндүрүлүшү керек. Мунун баары кеңири талкууланып кабыл алынган соң, дүйнөлүк коомчулук да бизди туура түшүнөт.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум өтмөкчү.

Copyright © 2017 Maral FM