Connect with us

Руслан Казакбаев Швейцариянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Кыска кабар | 30 Авг 2021 | 983 | 0

Бүгүн, 30-августта Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалган Оливье Бангертерди кабыл алды.

Казакбаев Бангертерди кызматка жаңы дайындалышы менен куттуктап, жооптуу кызматында мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Тараптар алдыдагы эки тараптуу иш-чаралар боюнча маселелерди талкуулашты. Ошондой эле 2022-2025-жылдарга карата Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы кызматташуунун жаңы стратегиясын иштеп чыгууну сүйлөшүштү.

Казакбаев Швейцария Өкмөтүнө экономикалык жана техникалык жардам, ошондой эле COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө көрсөткөн жардамы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун аягында министр Руслан Казакбаев Кыргызстандын эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө даярдыгын билдирди жана элчини эгемендиктин 30 жылдыгына карата майрамдык иш-чараларга катышууга чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM