Биз менен байланышыңыз

Масадыков Пакистандын ТИМ башчысынын биринчи орун басары менен жолугушту

Кыска кабар | 25 Окт 2021 | 520 | 0

22-октябрда коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Пакистандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Сохэйл Махмууд менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу кыргыз-пакистан кызматташтыгы, Ооганстандагы жана анын айланасындагы кырдаалды, аймактык коопсуздук маселелерин талкуулашты.

Эки тарап тең Ооганстандагы кырдаалды турукташтыруу үчүн CASA-1000, ТАПИ жана Пакистан, Ооганстан жана Өзбекстан ортосундагы темир жол куруу, регионалдык долбоорлордун маанилүүлүгүн жана аймактык коопсуздукту камсыздоо үчүн эл аралык коомчулуктун аракеттерин бириктирүү зарылдыгын белгилешти.

Copyright © 2017 Maral FM