Биз менен байланышыңыз

Швейцария: Бейшеналиев Беатрис Шаерге ишеним грамотасын тапшырды

Кыска кабар | 24 Авг 2021 | 616 | 0

Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси Алмазбек Бейшеналиев Швейцариянын Тышкы иштер федералдык департаментинин протокол кызматынын башчысы Беатрис Шаерге ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу  ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Беатрис Шаер Бейшеналиевди кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын кыргыз-швейцариялык мамилелеринин пайдасы үчүн алдыдагы ишмердигине ийгилик каалады.

Ошондой эле Бейшеналиев Анна Ифковиц, Европа, Борбордук Азия, Европа кеңеши жана ЕККУ департаментинин башчысы Ги Бовин, Швейцариянын Тышкы иштер боюнча федералдык департаментинин Борбордук Азиядагы суу маселелери боюнча атайын өкүлү жана Эрвин Боллингер, Соода келишимдери боюнча Швейцариянын Федералдык кеңешинин ыйгарымдуу өкүлү, Экономикалык маселелер боюнча Швейцариянын Мамлекеттик катчылыгынын эки тараптуу экономикалык мамилелер бөлүмүнүн башчысы менен жолугушту.

Тараптар актуалдуу маселелер жана Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алмашышты.

Copyright © 2017 Maral FM