Биз менен байланышыңыз

Жакында Италиянын Кыргызстандагы элчилиги ачылат

Кыска кабар | 10 Ноя 2021 | 510 | 0

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Италияга жасаган алгачкы расмий иш сапарынын алкагында Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Луижи Ди Майо менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Луижи Ди Майо кыргыз тарапка Римде элчилик ачканы үчүн ыраазычылык билдирип, бул Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы достук мамилени жандантарына ишенимин айтты.

Ошондой эле ал Бишкекте элчилик ачуу ниетин белгиледи.

Өз кезегинде Казакбаев бул ниетти жылуу кубаттады.

Copyright © 2017 Maral FM