Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Кыргызстандын Кабулдагы элчилиги кадимки тартипте иштеп жатат

Кыска кабар | 16 Авг 2021 | 459 | 0

Кыргызстандын Кабул шаарындагы элчилиги кадимки тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлик Ооганстандагы окуяларга жана аскердик-саясий кырдаалга тыкыр көз салып жатат. Кыргызстандын Кабул шаарындагы элчилиги кадимки тартипте ишин улантууда.

ТИМ Ооганстанда убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандары менен туруктуу байланышта болууда, алардын коопсуздугун камсыз кылуу жана эвакуация боюнча бардык чаралар көрүлүүдө.

Эске салсак, кечээ, 15-августта «Талибан» кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы президенттик сарайды ээлеп алган. Президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM