Биз менен байланышыңыз

Бешимов: «Талибан» өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү улантуу керек

Блог , Маек | 4 Ноя 2021 | 2617 | 0

Бүгүн, 4-ноябрда Бишкекте Ооганстандагы кырдаал боюнча атайын жыйын болуп өттү. Анда саясатчылар, окумуштуулар жана эксперттер айтылган өлкөдөгү кырдаалдын Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга таасирин талкуулады. Азырынча дүйнөнүн бир да өлкөсү «Талибан» өкмөтүн расмий тааный элек. Кыргызстан да бул маселени карай электигин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков тегерек столдо билдирди. Маалыматка ылайык, эл аралык коомчулук азырынча убада кылган гуманитардык жардамын Ооганстанга бере элек, Кыргызстан биринчилерден болуп көмөк көрсөттү. Бүгүнкү жыйында айтылган жагдайлар туурасында тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, серепчи Аскар Бешимов менен маек курдук.

— Учурда Ооганстандагы кырдаал кандай бааланууда жана Кыргызстанга канчалык таасир тийгизет?

— Азыр дүйнөлүк коомчулукта, ири өлкөлөрдө көз караштар ар түрдүү болуп жатат. Бир тарап: «Алар радикал исламдык уюм, кол салууга даяр. Ошого жараша алардын топтору чек аранын жанында турат жана күндөн-күнгө өсүүдө», — дешүүдө. Экинчи тараптагы эксперттер коркунуч алып келбей турганын айтышууда. Эмнеге дегенде, Ооганстан өздөрүнүн ички абалын, багыттарын аныктап, турукташууга көп убакыт керектигин, ошондуктан сыртка эч кандай көңүл бурбай турганын белгилешет. Ошого жараша ар түрдүү ой-пикирлер түзүлүүдө. Мындай окуяларды талкуулаган ар кандай аянтчалар, абалды талкуулаган эксперттердин, окумуштуулардын ой-пикирлери биз үчүн, мамлекет үчүн маанилүү. Ошого жараша өлкө мындан ары кандай кадамдарга бара турганы боюнча мамлекет башчысына пикир айтууга жакшы шарт түзүлдү. Бүгүнкү иш-чаранын мына ушундай мааниси бар. Экинчиси, качан гана биргеликте болгондо туруктуу жана жакшы позиция түзүлөт. Борбордук Азияда жок дегенде ушул маселе боюнча бирдиктүү күн тартиби, бирдиктүү ой-пикир, бирдиктүү иш-чараларга өтүүгө Кыргызстан кызыкдарбыз. Ошого жараша ушундай аянтчалар канча көп түзүлүп, канча көп талкууланса, ошондой бирдиктүү иш алып баруунун өзөгү чыгат.

— Бүгүнкү талкуудан кандай жыйынтык чыгардыңыздар?

— Бүгүн эксперттер ар кандай ой-пикирлерин айтышты. Андан «талибдердин бийлигин таанууга али эрте» деген жыйынтык чыкты десем болот. Ошондуктан биз алар менен сүйлөшүп, маектешип, ошол тараптан мониторинг кылып, абалдын кайсы жакка бурулуп жатканын карап туруп, ошого жараша чара көрүү керек. Андан башка да көптөгөн сунуштар болду. Бул конференция башка Борбордук Азия өлкөлөрү менен көпүрөлөрдү түзүүгө жардам берди деп эсептейм. Ошондой эле биз аларга ой-пикир, сунуш жиберүүнү сунуштадык.

—Кыргызстан үчүн сиздер берген сунуштар да маанилүү. Алдыда Кыргызстан кандай кадамдарга барышы керек?

— Талибдердин бийлигин таануу азырынча эрте. Биз сүйлөшүү, пикир алмашуу жана маектешүүнү улантышыбыз керек.

— Маегиңизге чоң ырахмат!

Copyright © 2017 Maral FM