Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Ооганстандан 9 кыргызстандык эвакуацияланды

Кыска кабар | 17 Авг 2021 | 600 | 0

Кыргызстандын Ооганстандагы элчилигинин жардамы менен 17-августта 9 кыргыз жараны мекенине эвакуацияланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, башка жарандардын баары коопсуз жайларда. Учурда аларды Кабулдагы кыргыз элчилигинин имаратына көчүрүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.

Ошондой эле этникалык кыргыздар жана Кыргызстанга виза менен эвакуациялык жардам сурап кайрылган ооган жарандары боюнча маалыматтар текшерилүүдө.

Эске салсак, учурда «Талибан» кыймылы Ооганстандын бардык аймагын басып алып, өз көзөмөлүнө алган. Президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткен. Талибдер Ооганстанда «Ислам эмиратын» түзүүнү пландоодо.

Copyright © 2017 Maral FM