Биз менен байланышыңыз

Бакир уулу: Талибдер Кытай менен жакындашат

Кыска кабар | 18 Авг 2021 | 785 | 0

Кытай СССР, АКШ, НАТО менен биргеликте Ооганстанга кирип, эмне болгонун көрдү. Ошондуктан алар талибандар менен саясат жүргүзүүгө аракет кылып жатат. Бул — экономикалык агрессия, бул — согуш ачуу эмес. Башкача айтканда, экономикалык жардам көрсөтүү аркылуу өзүнө каратып алуу. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын билдирүүсү боюнча, бүгүнкү күндө талибдер: «Эң жакын досубуз Кытай», — деп ачык айтууда.

«Булар Кытай менен жакындашат. Аны Кытай да, талибдер да ачык айтышууда», — деди Бакир уулу.

Ошондой эле ал талибдердин башка бул же тигил өлкө менен мамиле куруп кетүүсү боюнча азырынча айтуу кыйын экенин, башка өлкөлөр талибандардын алдыда кандай саясат жүргүзө турганына байкоо салып турушканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM