Биз менен байланышыңыз

«Ооган кыргыздары үчүн биздин бийлик талибандар менен сүйлөшүүгө барышы керек»

Кыска кабар | 18 Авг 2021 | 1073 | 0

Ооганстанда этникалык кыргыздардын маселесин чечүү үчүн кыргыз бийлиги талибандар менен сүйлөшүүгө барышы керек. Себеби, бүгүнкү күндө талибандардан башка реалдуу саясий күч жок. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, этникалык кыргыздарды колдоо керек, жаңы бийлик аларды капа кылбоого тийиш.

«500 студентке виза берүү боюнча жакшы демилге көтөрүлдү. Алардын катарына этникалык кыргыздарды да кошуу зарыл. Негизинен бул жерде чочубашыбыз керек. Көбү айтып жатат: «бизге эмне кереги бар?» деп. Биз окутсак, өзүбүздү эле колдогон Ооганстандын жарандарын даярдайбыз. 500 студент окуп кетсе, ал жакта жогорку билимдүүлөр аз болгондуктан, барганда жогорку кызматтарга отурушат да, Кыргызстандын саясатын колдойт деген үмүт бар. Ошондуктан бул жерде сөзсүз биздин жетекчилер сүйлөшүүгө барышы керек» , — деди Бакир уулу.

Ошондой эле ал эл аралык милдеттенмелерден тышкары да, этникалык кыргыздарды дайыма колдоп туруу керектигин белгилед

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM