Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстан Кыргызстанга түркмөн жаратылыш газын жеткирүүгө даяр

Кыска кабар | 28 Июн 2021 | 1367 | 0

Кыргызстан — биз үчүн келечектүү өнөктөш, бирок быйылкы товар жүгүртүү көлөмүнүн өскөнүнө карабастан, жалпысынан эки тараптуу кызматташуунун деңгээлин жогору деп эсептөөгө болбойт. Дыкат талдоо жүргүзүү зарыл жана толук кандуу кызматташууга тоскоолдуктарды четтетүү керек. Мындай пикирин Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов бүгүн, 28-июнда президент Садыр Жапаров менен кеңейтилген форматтагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө билдирди.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов күн тартибинде турган негизги маселелер катары жалпы тынчтыкты, туруктуулукту сактоо жана колдоо, террордук коркунучтарга каршы туруу жана Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салууну атады.

Гурбангулы Бердымухамедов түркмөн-кыргыз мамилелеринин концептуалдуу негизи эки тараптуу кызматташуунун приоритеттүү келечегине жана региондук, эл аралык өнүгүүгө болгон көз караштарда бирин-бири түшүнүү менен шартталгандыгын белгиледи.

«Түркмөнстан ар дайым региондогу көйгөйлөрдү тынчтык жолу жана БУУнун Уставына ылайык, эл аралык укуктардын принциптери менен ченемдерин сактап, ынак коңшулук, бири-бирин сыйлоо принциптери менен чечүүнү жактайт» , — деп белгиледи Түркмөнстандын президенти.

Мындан тышкары тараптардын көңүлүн экология, айлана-чөйрө темасы боюнча өз ара кызматташууга бурду. Атап айтканда, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери менен күрөшүү боюнча биргелешкен иштерди бир кыйла жандандыруу керек. Ал Борбордук Азия чөлкөмүндө суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгына токтолуп, бул өңүттө биргелешкен чечимдерди ишке ашырып, алдыга жылуу маанилүү экендигин белгиледи.

Анын айтымында, түркмөн-кыргыз сүйлөшүүлөрүндө ооган темасы салтка айланып калгандай маанилүү орунду ээлейт. Баары Ооганстанды тынчтык жолундагы, гүлдөгөн мамлекет, ынак коңшу катары көргүсү келет.

Ошону менен бирге Түркмөнстан Кыргызстан менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет, бул багыттагы мамилелерди сапаттуу деңгээлде кеңейтүү зарыл.

Гурбангулы Бердымухамедов энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташууну сүйлөшүүлөрдүн маанилүү учуру катары белгиледи. Атап айтканда, түркмөн жаратылыш газын жана электр энергиясын Кыргызстанга жеткирүү жөнүндө сөз болду.

Анын айтымында, түркмөн тарап Кыргызстандын бардык муктаждыктарын канааттандырууга жана техникалык, уюштуруу маселелерин талкуулоого даяр.

Copyright © 2017 Maral FM