Биз менен байланышыңыз

АКШ Ооганстандагы аскерлерин дээрлик эки эсеге кыскартат

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Сен 2020 | 553 | 0

Вашингтон Чыгыштагы аскер контингентин кыскартып, ошол эле учурда Европада көбөйтөт.

АКШ жакынкы бир жарым айда Ооганстандагы контингентин 8.6 миңден 4.5 миңге чейин кыскартат. Бул тууралуу АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Кеннет Маккензи The New York Times гезитине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, америкалык аскерлердин көрсөтүлгөн саны Ооганстандын аймагында бардык зарыл болгон тапшырмаларды аткарууга жетиштүү. Ошол эле учурда Аль-Каида жана ИШИМ согушкерлери АКШнын аскер кызматкерлерине кол салышпайт.

Буга чейин Маккензи АКШнын Ирактагы аскер контингенти сентябрдын аягында болжол менен 5200 аскерден 3000ге чейин кыскартарын айткан эле.

Copyright © 2017 Maral FM