Биз менен байланышыңыз

Масадыковдун «Талибандарга» болгон сапары кызуу талкуу жаратты

Саясат | 24 Сен 2021 | 2236 | 0

Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков башында турган өкүлчүлүк 23-сентябрда Кыргызстандын атынан Ооганстанга гуманитардык жүк жеткирди. Сапардын жүрүшүндө Таалатбек Масадыков Ооганстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен протоколдук жолугушуу өткөрдү. Буга чейин Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму Ооганстандагы кырдаал боюнча атайын жыйналып, бирок бирдиктүү чечим кабыл ала алган эмес. Маалыматка ылайык, эл аралык коомчулук азырынча убада кылган гуманитардык жардамын Ооганстанга бере элек, Кыргызстан биринчилерден болуп көмөк көрсөттү. Бул кадам коомчулукта ар түрдүү пикир жаратты. Айрымдары геосаясий жактан учурдун талабы дешсе, экинчи тарап «Талибан» Кыргызстанда тыюу салынган уюм экенин белгилеп, эл аралык мамилелер да мыйзамдуу болушу керектигин айтышууда. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Буга чейин 17-сентябрда президент Садыр Жапаров Душанбе шаарында өткөн ШКУ саммитинде Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам жөнөтүүгө даяр экенин билдирген. Ал ошондой эле ШКУ өлкөлөрүнө кол салууга жол бербөө жана миграциялык процесстерди жөнгө салуу үчүн өз ара байланыш стратегиясын иштеп чыгууну сунуштаган. Аны менен бирге Жапаров Кыргызстан Ооганстандагы кырдаал турукташып, тынчтык жана бейпилдик орношун колдой турганын айтып, Ооганстанда туруктуулуктун, тынчтыктын орношу ооган элинин да, аймактагы жана дүйнөдөгү өлкөлөрдүн да кызыкчылыгында экенин белгилеген.

Ошол эле учурда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев эң биринчи кезекте гуманитардык маселени чечүү үчүн байланыш түзүүгө даяр экенин айткан.

Кыргызстандын Ооганстан менен байланышы эки максатты көздөйт: биринчиси, жаңы бийликти таануу же кызматташуу эмес,  болгону, сүйлөшүүнү уюштуруу; экинчиси, Ооганстандагы этникалык кыргыздардын тагдыры, аларга карата жаңы бийликтин ой-пикири. Мындай пикирин тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, серепчи Аскар Бешимов билдирди.

«Президенттин тапшырмасы менен биздин биринчи визит болду. Буга чейин биз чет өлкөлөрдө, Доха, Москвада болгон жолугушууларга катышпай эле келгенбиз, талибдер менен жеке сүйлөшүүлөргө барган эмеспиз. Ошондуктан азыр бизде эки эле маселе бар: биринчиси, алар менен таанышып, сүйлөшүүгө баруу; экинчиси, сөзсүз түрдө боордошторубуз Кичи жана Чоң Памирдеги 3 жарым миңдей кыргыздын тагдыры, аларга карата кандай ой-пикир түзүлөт, ошого жараша кызматташуу. Мен: «Эмкиде биз өзүбүздүн боордошторго жардам жөнөтөбүзбү?.. Алардын ал-абалын сурап, тыгыз байланышта болуп, мамселени чечебизби?» — деп ойлойм. Бул сапар менен Вахан коридорунда жайгашкан кыргыздарга болгон талибдердин көз карашын билүү, аны тактап, жылуу мамилеге өткөзүү — жакшы эле нерсе».

Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп гуманитардык жардам жеткирүү шылтоосу менен Ооганстанга расмий байланышка чыкты. Буга чейин Өзбестан менен Түркмөнстан гуманитардык жардам жеткирип келген. Кошумчалай кетсек, 10-январда өткөн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгында жеңүүчү деп таанылган Садыр Жапаровго алгачкылардан болуп Ооганстандын мурдагы президенти Мохаммад Ашраф Гани куттуктоо жолдогон.

Эл аралык мамилелер жана коопсуздук маселеси боюнча серепчи Искендер Ормон уулу Ооганстандын учурдагы де-факто башкаруучулары менен Кыргызстандын жолугушуусун, мындан аркы алака-мамиле боюнча сүйлөшүүсүн демейдеги байланыштардан айырмаланып, эр жүрөктүк жана прогматикалык кадам деп эсептейт.

Анын айтымында, Кыргызстан кичинекей өлкөлөрдүн ичинен биринчи болуп эсептелбесе, чоң державалар «Талибан» бийликке келгенге чейин эле байланышып келишкен.

«Биз болбосок деле башкалары жакында «Талибанды» тааный башташы, алака байланышын уланта турганы ачык. Негизинен биз жаңы бийлик курулгандан кийин биринчи мамиле жасаган өлкө катары көрүнүп жатканыбыз менен, биринчи да эмеспиз. «Талибан» бийлиги курулганга чейин Америка, Орусия, Кытай баш болуп, өздөрү жоон тобу менен кабыл алып, көрүшүп баштаган. Ал жолугушуулар да жөн эмес, чоң державалар менен алака-байланыштары ошол учурда эле башталган. «Талибан» келгенден кийин да Американын, Орусиянын байланышы көмүскө же кээде ачык болуп келет. Расмий түрдө барышы эле бир аз айырмалангандай болбосо, Кыргызстан биринчи эмес. Бирок, кичинекей өлкөлөрдөн биринчи болуп батынып жатканы — сүйүнөрлүк нерсе. Акыркы учурдагы белгисиз болуп жаткан тыш саясаттын ичинде Ооганстандын кадамы — ачык, азыркы учурда мамлекетке керек болуп жаткан прогматикалык кадам. Бул жагынан алкоо керек. Себеби, коңшулардын негизинде алып караганда да, душман болуп, же агымга каршы чыга албайбыз. Ошондуктан бул — туура жана пайдалуу кадам».

ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн ичнен Орусия, Өзбекстан, Казакстан «талибдер» менен мамиле түзүүдө байкоо жүргүзүп, кандайдыр бир деңгээлде мамиле курууга даяр экенин билдирип келсе, Тажикстан караманча каршы, талибдерге өздөрүнүн талаптарын жана шарттарын койду.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбековдун айтымында, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыковдун Ооганстанга барышы анын жеке чечими эмес, бул жерде чоң саясий өнөктөштөр түрткү бериши мүмкүн. Ошол эле учурда Кыргызстандын демилгеси менен барганы Тажикстандагы бийлик жетекчилерине жакпай, билинбегени менен кооптонуусун жаратышы мүмкүн.

«Кыргызстан тышкы саясатты жүргүзүүдө жакынкы коңшулар менен чек ара маселелерин ушул күнгө чейин чече албай, өзгөчө Тажикстан менен болгон карама-каршылыктар күчөп, Кыргызстандын демилгеси менен Масадыковдун барганы Тажикстандын бийлик жетекчилерине жакпай, алар буга өздөрүнө билинбегени менен көмүскө тынчсыздануусун, кооптонуусун жаратышы мүмкүн. Албетте, Масадыковдун Ооганстанга болгон сапары анын жеке чечими эмес, бул жерде биздин негизги чоң саясий өнөктөштөрдүн кээ бир топтору түрткү бериши мүмкүн. Ошонун негизинде Ооганстандын террордук уюмунун бийлиги менен диалогго барышы ушул шартты түздү деп ойлойм. Демек, бүгүнкү күндө саясатта, акыркы күндөрдө болуп жаткан окуялар, Кыргызстандан барган делегация боюнча дүйнөлүк, өзгөчө Орто Азиядагы коомчулукта көптөгөн ар кандай сын-пикирлер, каалоолор айтылышы мүмкүн. Бирок, эң негизгиси кандай болсо да биздин Ооганстан менен эч кандай чек арабыз жок, «талибандар» менен байланышыбыз болгон эмес. Ошого карабастан бул барганы көп пикир жаратууда. Кандай болсо да, биз алыскы Ооганстан менен эмес, жакынкы Тажикстан менен тынчтык жолунда чек ара маселесин чечүүгө негизги шарттарды коюшубуз керек. Ушул жерден Кыргызстандын Ооганстан менен болгон диалогу Кыргызстанга канчалык пайдасын тийгизет деген максат менен тышкы саясаттагы көз карашыбызды унутпашыбыз керек».

Эскерте кетсек, талибдер 15-августта бийликти басып алып, кийинчерээк убактылуу өкмөттү кураган. Ага негизинен «Талибан» кыймылынын мүчөлөрү кирген. Буга байланыштуу дүйнө коомчулугу талибдердин өкмөтүн тааныбай келет. «Талибан» кыймылы Кыргызстан жана башка мамлекеттерде террордук уюм деп таанылган.

Copyright © 2017 Maral FM