Биз менен байланышыңыз

Европа өлкөлөрү менен болгон мамиле жанданабы?

Саясат | 11 Июн 2021 | 2120 | 0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсонго расмий кат жолдогону diplomat.com сайтына жарыяланды. Катта Кыргызстан укуктук мамлекетти курууга даярдыгын жана кура турганын, ошондой эле башкы милдети жакырчылык көйгөйүн чечүү жана мыйзам үстөмдүгүн орнотуу экенин белгилеген. Мындан сырткары Кыргызстан Европа Биримдиги менен кеңири кызматташтык тууралуу келишимге кол коё турганы айтылууда. Жапаровдун бул кадамын Европага ыктоо аракети катары бааласак болобу? Кыргызстандын Европа менен болгон мамилесине эмне тоскоол болушу мүмкүн? Мындан ары мамилебиз кандай уланышы керек?  Бул суроонун алкагында серепчилердин пикирин тыңдадык. 

Кыргызстан менен Евробиримдик өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1999-жылы кол коюп, эки тараптуу алака башталган. Бүгүнкү  күндө Кыргызстан менен Европанын мамилеси солгундап кеткенинин бирден-бир себеби: ошол келишим 2015-жылы узартылбай калган. Мындам улам учурда укуктук талаада кызматташуу үчүн негизги келишим жок экенин Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Аскар Бешимов белгиледи.

Анын айтымында, президенттин бул аракети — Европа менен болгон мамилени жандандырууга жасалган биринчи кадам, ошондой эле жакында Европага жасай турган сапарына даярдык.

«Бүгүнкү күндө экономика жагынан анын көлөмү, технологиялык деңгээли боюнча Европа бизге кызыкдар эмес. Бизде болгон эң чоң баалуулук — сөз эркиндигибиз жана жарандык коомдун өнүккөнү. Ошондуктан ушуга жараша Европа менен жарандык коом, сөз эркиндиги, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагын өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты бекемдөө керек. Башкача айтканда, социалдык багыт боюнча кызматташуубузду жогорку деңгээлге чыгаруу — биздин кызыкчылыгыбызга да туура келет». 

Кызматтык миссиясын жыйынтыктап жаткан Евробиримдиктин Борбор Азиядагы атайын өкүлү Петер Буриан 1-июнда президент Садыр Жапаров менен жолугушкан. Анда президент Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы макулдашууга ушул жылдын аягына чейин кол коюу приоритеттүү мүнөзгө ээ экенин белгилеген. Учурда Жапаровдун Брюсселге расмий сапары жана кызматташтык тууралуу келишимге кол коёру күтүлүп жатат. Бирок азырынча сапардын так датасы айтыла элек.

Серепчилер учурда Кыргызстан социалдык-экономикалык жактан кризистик абалда экенин айтышууда. Мындай абалдан чыгуунун жолу татаал болору да белгилүү. Андан чыгуу үчүн татаал программаларды, сүйлөшүүлөрдү, чечимдерди кабыл алууга туура келет. Азыркы оор абалда аргасыздан өнүгүүнүн бир компоненти катары сөзсүз түрдө Батыш мамлекеттери менен тыгыз мамиле түзүү керектигин саясатчы Равшан Жээнбеков белгиледи.

Равшан Жээнбеков президенттин Европа өлкөлөрү менен мамиле түзүүгө кылган аракетин азыркы бийликтин өнүгүүгө болгон жакшы кадамы катары баалады.

«Экономикалык-социалдык абалдан чыгууга Батыш өлкөлөрү жардам бербесе, биз үчүн кыйын болот. Жакшы маалымат катары айтып койсок болот, мурдагы президенттер мындай кадамга бара алган эмес. Азыр президент Садыр Жапаровдун Европа менен эки тараптуу мамиле түзөрүн, Белгияда келишимге кол коёрун жарыя кылды. АКШ менен эки тараптуу келишимибиз кол коюу алдында турат деген маалымат бар. Бул азыркы бийликтин социалдык-экономикалык абалды чечүүгө аракети болуп эсептелет. Ошондой эле аталган өлкөлөр менен мамиле түзүүгө аракет кылып жатканын азыркы бийликтин жакшы кадамдарынын бири деп айтууга болот». 

Учурда Кыргызстандын тышкы саясатында өзгөрүүлөр, мамилелерди кайрадан талдоолор, диалог түзүүгө аракеттер сезилип жатканын саясат талдоочу Эмил Жороев айтат.

Анын пикиринде, президенттин мыйзамдын үстөмдүгүн, демократиялык принциптердин сакталышын камсыздоого маани берүүсү Европа өлкөлөрү менен тил табышууда чоң мааниге ээ.

«Өзүбүздүн эле жарандык коомдун пикирлерин эске алса, ал диалог алгылыктуу, продуктивдүү болушу ыктымал. А эгер буга чейин болуп келгендей, сырттан акча суроонун гана үстүндө болуп, өзүбүздүн башкаруу приоритеттерибизди сыртка түртүп койсо, «Батыштын таасир чектөө» деген сыяктуу риторикалуу саясат жүрсө, анда мындай өнөктөштүктүн өнүгүүсү өтө кыйын болот». 

Евробиримдик Кыргызстандагы окуялар боюнча дайыма өзүнүн оюн билдирип келет. Маселен, былтыркы октябрь окуяларына тычсызданып, жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгарын, анын ичинде Кыргызстандагы парламенттик шайлоону кайрадан өткөрүүгө даярдыгын кабарлаган. Ошондой эле пандемияга байланыштуу да жардам көрсөткөн.

Copyright © 2017 Maral FM