Биз менен байланышыңыз

Саймаитинин өлүмү катылган сырларды ачты

Коом , Саясат | 13 Ноя 2019 | 1699 | 0

Ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү, анын дипломатиялык номурдагы унаа менен жүрүшү, ал унаа Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы башкы консулу болгон Эркин Сопоковго тийиштүү экени бүдөмүк ойлорду жаратып жатат. 

Түркиянын Стамбул шаарынын Фатих районундагы отелдердин биринде ишкер Айеркен Саймаитиге ок атылып, ал ооруканага жетип каза тапкан. Бул адамдын аты «Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» боюнча иликтөөсүндө ысымы көп айтылган адамдардын бири катары белгилүү. Саймаитинин дипломатиялык номурдагы унаа менен жүрүшү, ал унаа Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы башкы консулу болгон Эркин Сопоковго тийиштүү экени белгилүү болуп, коомчулукту дүрбөлөңгө салууда. Социалдык түйүндөргө жем таштаган бул иш-аракет парламентке чейин жетип, эл өкүлдөрү үн катышты. Анда Ата-Мекен фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмамтов, Мадина базарындагы ишкердин өлүмү, ишкердик менен шугулданган дагы бир жарандан Аэропорттогу өлүмү, ошондой эле, Түркияда Айеркен Саймаитинин атылганы боюнча мисалдарды келтирип, Өкмөт, күч түзүмдөрү бул боюнча маалымат беришин талап кылды.

Кыргызстан 50-жылдардагы Сицилияга айланып баратат. Бул резонанстуу өлүмдөргө байланышкан окуялар мамлекетке болгон кылмыштуулукутун чакырыгы. Кыргызстандын казынасына 5 млрд сом төлөбөй качып жүргөн адам Кыргызстандын консулунун унаасын минип жүрөт? Күч органдары ушул суроолорго жооп бериши керек . Ушунун баарын көрмөксөн болуп отурганыбыз чоң чатак. Аны териштириш керек. 12-маселе кылып, 30 мүнөт кылмыштуулуктун абалы боюнча маалымат угалы.

Ал арада депутат Дастан Бекешов да жеке ишкердин өлүмү боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлүп, иш каралыш керек деген пикирин билдирди. Ошол эле маалда дагы бир эл өкүлү, мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Кыргызстандын ички жана тышкы саясатындагы маалымат коопсуздугу дыкат каралышы керектигин айтып чыкты. Мамлекеттин маалыматтарынын коопсуздугун өкмөт тыкыр карап, бул боюнча да атайын сүйлөшүүлөр, талкуулар тез арада уюштурулуп, коомчулукка маалымат берүүсүн сунуштады.

-Кытайдын жараны Саймаити Айеркендин өлтүрүлгөн ишине гана эмес, башка коңшу мамлекеттердин бизге дос, бир тууган деген өлкөлөрдүн интернет сайттарында биздин мамлекет жөнүндө, андагы ички тышкы коопсуздук жөнүндө эмнелер гана жазылып жаткан жок! Коомдо абдан чоң талкуу жаратып жаткан кылмыштуулуктар жөнүндө, Кыргызстандын маалымат коопсуздугу жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүп, өкмөттөн маалымат алсак.

Эл өкүлдөрү талап кылган, коомчулуктун оюн буруп жаткан ишкер Айеркен Саймаити боюнча Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев маалымат берди. Анда Саймаитиге буга чейин 2017-жылы «Алдамчылык» фактысы боюнча мурдагы кылмыш жаза кодексинин 166 -беренеси боюнча 3 млн 28 миң 168 доллардан турган товарды жана акчаны өзүнүн өнөктөшү кытайдын жаранын алдап кеткен фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, ага эл аралык издөө жарыялангандыгы айтылды.

Жунушалиев: Саймаити биздеги иш боюнча эл аралык издөөдө болчу

Үч күндөн бери уламдан-улам чыккан маалыматтар элди бир жагынан таң калдырса, экинчи жагынан буга кимдердин күнөөлүү экенин билгиси келишет. Ишкердин өлүмү кимге зарыл эле деген суроолор жоопсуз калып, арты бүдөмүк ойго жетелеп жатат. Саясат талдоочу Турат Акимов Саймаитинин өлүмүнө Атамбаевдин адамдары тиешелүү болушу мүмкүн же бул атайын жасалган аракет деп эсептейт. Ал мунун далили катары, Кыргызстандын Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоков учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ашпозчусу болгонун эске салды. Ал эми Сопоковдун кызматтан алышыны болгону тергөөгө тоскоол кылбасын деген тариздеги иш-аракет экенин айтып берди.

-Биздин консулдун унаасынын эмне үчүн ошол жерде болуп калгандыгы тууралуу шектүү жерлерин айтып койсок болот. Анда эмне үчүн консулга тиешелүү машина чыгып калды? Анткени Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоковду Атамбаев дайындаган. Бул адам мурда Атамбаевдин ашпозчусу болуп жүргөн адам эле. Буга чейин эл ичинде Атамбаевдин шоопуру котөрүлөт, ашпозчусу көтөрүлөт деген тамашалар бар да бар эле. Сопоков кезинде Атамбаевге тамак даярдаган адам эле. Кийин Ала-Арчадагы резиденцияга директор болуп калды. Андан соң дипломат болуп кеткен. Атамбаевге тамак берип жүрүп эле ушундай баскычтарга секирик жасаган. Мунун унаасынын өлгөн адамдын жанында пайда болуп калганы, Атамбаевдин адамдары кылды же анын куйруктары жасап жатат деген таризде иштин нугун ошол тарапка буруу деген аракет деп ойлойм. Себеби консулдук унаа ошол жерде өзүнөн-өзү, капысынан пайда болуп калган жок да.

Эксперт: Эркин Сопоков кезинде Атамбаевдин ашпозчусу болчу

Учурда жумурай-журтту Кыргызстандын Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоков иштен алынып эле тим болобу? Башка жаза колдонулабы?-деген суроо кызыктырып жатат. Биз көз карандысыз эксперт Руслан Акматбекке кайрылып, бул иш консулду алуу менен жабылып калабы?-деген суроо менен кайрылдык. Ал Кыргызстанда атка минерлер үчүн эң эле оор жаза бул — кызматтан алуу экенин айтып, буларга токтолду.

Иш консулду алуу менен иш жабылып калабы же ал келгенден кийин жоопкерчилиги каралабы, аны убакыт көрсөтөт. Буга чейинки ушундай сыяктуу окуялардын жыйынтыгын карап көрсөк, эң эле оор жаза бул — кызматтан алынуу менен гана кандай гана иштер болбосун иш бүтүп калчу. Кыргызстанда атка минерлер үчүн бир эле жаза бар, ал — кызматынан кол жууп калуу. Кыргызстанда кандай учурда жаза тартылат? Эгерде сен саясий опонент болуп кетсең. Ошон үчүн  жоопкерчиликке тартыларынан үмүт кылалы. Эгерде бийлик бул кадамга барбаса, анда коомчулук алардын жашыруун байланышы бар экен деген эле жыйынтыкка келип калат.

Эксперт: Эл аралык деңгээлде уят болдук

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Эркин Сопоковдун унаасы ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү болгон жерде болгонун тастыктаган. Ошондой эле Эркин Сопоков бул кызматка келгенден бери кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгына байланыштуу жаза алганын, айдоочусу бир нече ирет жол эрежелерин жана унааны колдонуу эрежелерин бузганына байланыштуу Сопоковго сөгүш жарыяланып, айдоочусу жумуштан алынганын билдирди. Башкы прокуратура тарабынан Сопоковдун 2017-жылга карата Бирдиктүү салык декларациясын тапшырбагандыгы аныкталган. Тышкы иштер министрлиги Сопоков Айеркен Саймаитинин өлүмү болгон жерде эмне үчүн унаанын турганын түшүндүрүп бере алган эмес деген маалымат таратты. Ошондой эле Сопоков кызматтан алынып, ишкерди өлтүрүүгө шектелип кармалган үч кишинин экөө кыргызстандык экендиги белгилүү болду.

Copyright © 2017 Maral FM