Биз менен байланышыңыз

Нарматованын мандатынын алынышы БШКга болгон сынды арбытты

Саясат | 21 Янв 2022 | 1878 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарды. Мындай чечимге келүүсүнө «дипломду мыйзамсыз алганы» себеп болгон. БШКнын бул чечими коомчулукта кызуу талкууга алынды. Айрымдары туура чечим болгон дешсе, экинчи тарап көралбастык, бийликтин куугунтугу катары кабыл алышууда. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Борбордук шайлоо комиссиясы 20-январда өткөн отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын жогорку билимин тастыктаган дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө УКМКнын, Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматын укту. Андан соң Нарматованы Жогорку Кеңештин депутаты деп таануу жөнүндө токтомун жокко чыгарып, мандатынан ажыратышты. БШК билдиргендей, Нарматованын жалган маалымат бергени же кандайдыр бир маалыматты жашырган себебинен улам ушундай чечимге келишкен. Төрайым Нуржан Шайлдабекова чечимге БШКнын 10 мүчөсү тең макул болгонун айтты.

«Нарматова депутаттыкка талапкер катары катталып жаткан учурдагы Жоруктар жөнүндө кодекске ылайык, депутаттыкка талапкер жалган маалымат берип, же маалымат жашырса, ал кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Нарматованы Жогорку Кеңештин депутаты деп таануу жөнүндө токтомду жокко чыгарууга БШКнын 10 мүчөсү тең макул болду».

Буга чейин Нарматованын Жалал-Абад мамлекеттик университетинен алган диплому жараксыз деп табылганын УКМК билдирген. Университеттин тиешелүү кызматкерлерине кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө сессияларды жана тиешелүү экзамендерди тапшыруу учурунда Нарматованын Орусияда болгону аныкталган. Мунун негизинде атайын кызмат Нарматованы 14-январда күбө катары суракка чакырган.

Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова БШКнын дарегине айтылып жаткан сындарга көп кошулбайт жана туура эле чечим болду деп эсептейт. Себеби, мыйзамга «Жогорку Кеңештин депутаты жогорку билимдүү болсун» деген норма киргизилген.

Ал Орозайым Нарматованын дипломуна байланыштуу окуя чуулгандуу болгондуктан, Жогорку Кеңешке келгендердин да дипломдорун текшерип чыгуу логикага жатат деген ойдо.

«Негизи шайлоо учурунда талапкер өзү БШКга «бул — менин дипломум» деп тапшырып жатат. ЖАМУнун бүт мөөрлөрү турат. Жерине барып, архивдик документтерди кайра карап, ар биринин документин текшерип чыкканга БШКнын мүмкүнчүлүгү деле жок. Негизи мыйзамдын мазмунуна карасак, адам бир жакка официалдуу түрдө документ берип жатканда өзү ошого жоопкерчилик алат. Кылмыш-жаза кодексинде да ошондой беренелер бар. Адам жасалма документти бере турган болсо, ал үчүн өзү жооп бериши керек».

Бирок депутат эл үчүн иштегиси келген, идеяларга бай, жан дүйнөсү таза адам болсо, анын жогорку билими бары-жогу анчалык мааниге ээ эмес деген ойдо.

Борбордук шайлоо комиссиясынын Нарматовага карата чечимин БШКнын мурунку төрагасы Акылбек Сариев аша чапкандык деп эсептейт. Сариевдин айтымында, БШКнын кечээ талапкерге колдонгон ченемди депутатка да колдонуп, мандаттан ажыратканынын өзү суроо жаратат.

«БШК кечээ өзүнүн укугунан аша чаап кетти окшойт. Жакшыбы-жаманбы, туурабы-туура эмеспи, бул айым депутат катары иштеп жүрөт. Конституцияга ылайык, шайлангандан кийин депутаттык статуска ээ. Ошондуктан мандатынан ажыратуу Конституцияда каралган тартипте ишке ашышы керек болчу. Ал эми кечээги чечим, талапкерге колдонулган ченемди колдонуп, мандатынан ажыраткандын өзү суроо жаратат. Негизи БШК мыйзам боюнча өзүнүн кабыл алган чечимин Конституцияга, мыйзамдарга, башка укуктук-ченемдик актыларга каршы кабыл алынган болсо, өздөрүнүн ыйгарым укуктарынан аша чапкан болсо гана жокко чыгара алат. Ал эми бул чечим талап болгонун тастыктап жаткан сыяктуу… Өздөрүнүн чечимин өздөрү жокко чыгарганы, демек, убагында туура эмес чечим кабыл алганбыз деген жүйөөнү келтирип коюшту».

Нарматованын окуясы башкаруу системасындагы башаламандыкты көрсөтүп жатканын көз карандысыз серепчи Руслан Акматбек белгиледи. Анын пикиринде, эң коркунучтуусу, бардык нерсе кош стандарт менен. Күчтүү болгон жеңип, кылмышкер болсо да жоопкерчиликке тартылбай жатат.

«Биринчиден, Нарматова Жогорку Кеңешке аттанып жатканда керектүү документтердин баарын БШКга берген. БШК да ар дайым айтат го: «Биз ар мекемеге жиберип, тастыктайбыз», — деп. Ошол убакта маалымат аныкталган эмес, бул кемчилик үчүн ким жооп берет? Эмнегедир депутат болуп ант бергенден кийин, БШК өзүнүн колу менен мандат тапшырып, чыккандан кийин алып коюп жатат. Бул жагы аябай кызык болуп калды. Экинчиден, ушуга окшогон жарандык, диплом маселеси башка депутаттарга карата да көп көтөрүлгөн. Алардын маселеси эмнеге Нарматовага карата колдонулган чечкиндүү чечимдер менен каралган эмес? Үчүнчүдөн, Нарматова мыйзам бузуу менен алган күндө да мандатын мыйзамдуу жол менен алышы керек болчу. Себеби, ал жерде бир гана мекеменин эмес, соттун чечими менен жокко чыгарышы керек болчу. Бизде негизи бир кишинин айткан сөзү менен эле кылмышкерлер акталып, күнөөсү жок кишилер кылмышкерге айлана баштады. Бул өлкөдөгү укуктун, мыйзамдын абылын, негизи эле башкаруу системасындагы башаламандыкты көрсөтүп жатат. Эң коркунучтуу нерсе бардыгы кош стандарт менен. Күчтүү болгон жеңип, кылмышкер болсо да жоопкерчиликке тартылбай жатат. Мунун аягы мамлекеттүүлүк үчүн, келечек үчүн жакшы нерсе эмес».

Өнүккөн өлкөлөрдө депутат болом деген адамдан билимин тастыктаган диплом суралбай турганын коомдук ишмер Сейтек Качкынбай билдирди. Анын айтымында, депутаттык кызмат мамлекеттик кызматка кирбейт. Ал — саясий кызмат. Мындан улам бул жакта башкысы, адамдын жогорку билими эмес, жашоодогу тажрыйбасы, даанышмандыгы, лидерлик позициясы, мамлекетти өнүктүрүү багытын көрсөтө ала турганы каралышы шарт. Бирок бүгүнкү күнү Кыргызстандын Башмыйзамында Жогорку Кеңешке диплому бар адам гана бара алат деген норма бекитилип калды. Мындан ары диплому жок киши депутаттыкка каттала албайт. Буга алтынчы чакырылыштын депутаттарынын «салымы» бар.

«Тарыхка кайрылып көрсөк, 6-чакырылышта депутаттардын арасында эки сөздү бириктирип туура окуй албагандар, же айта албай калгандар коомчулукка шерменде болуп, күлкүгө кабылган учурлар болгон. Анан «Булардын билими бар бекен, жок бекен? Тамга таанышпайбы? Ушундай адамдар депутат боло береби?» деп, коомдо депутат жөнүндөгү пикир нөлгө түшүп калган. Ошондо анан «молоко» деп жазылып турганды, «молоко» деп окуй алган, диплому бар адамдар депутат болсунчу» деген пикир пайда болуп, бул норма ошондо кирген. А бирок реалдуу жашоодо, демократиянын принциптеринде, Американы алалы, Японияны алалы, Кореяны алалы, ошол өлкөлөрдө «демократиянын биринчи принциби — адамдын укугу» деп аталат. Ал уйчу болобу, койчу болобу, наабайчы болобу, депутат болууга укугу бар».

Башмыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, ошондой эле референдумга катышууга укуктуу. Бирок 2019-жылы Жогорку Кеңеште кабыл алынган «Жогорку Кеңештин депутаты жогорку билимдүү болсун» деген норма Башмыйзамга каршы келет. Саясатчы Өмүрбек Текебаев депутат үчүн билимдүү болушу керек деген талап жакынкы күнгө чейин болгон эместигин жана башка өлкөлөрдө андай норма жок экенин белгиледи.

«Анткени качып-бозуп жүргөн революционерлер президент болгон. Лениндин деле, Сталиндин деле диплому болгон эмес. Башка өлкөлөрдө «депутат жогорку билимдүү болушу керек» деген норма жок. Кыргызстандын мурунку жана азыркы Конституциясында депутат болуу үчүн үч эле талап бар: жашы 25тен жогору болушу керек; Кыргызстандын жараны болушу керек; диний кызматкер болбошу керек. «Билими болушу керек, башкасы болушу керек» деген талаптар — Конституцияга каршы чектөө. Мен түрмөдө жатып, кат жазгам, «Ал болбойт, адамдар жүз жылдап күрөшүп келген демократиялык норманы түшүнбөстүк менен жок кылып жатасыңар», — деп. Алар айтат, «айылдык депутаттардын да билими жогорку  болушу керек, улакчылар депутат болуп келип алды», — деп. Статистика боюнча айыл жеринде 12% эле жашоочулардын жогорку билими боюнча диплому бар экен. Бул мектептин мугалими, врачтар, анан «чоңдор». Эми элдин атынан ошолор сүйлөп, каратаманды ошолор башкарып калабы? Анда демократия деген түшүнүк жок да. Мен 2019-жылы февралда кат жазгам». 

Коомдо кызуу талкууга алынган диплом маселесинен улай эми мамлекеттик кызматкерлердин баарынын диплому текшерилмей болду. Бул боюнча Президент Садыр Жапаровдун тапшырма бергенин УКМК жарыялады. Текшерүү 24-январда башталып, 3 айга созулат.

Copyright © 2017 Maral FM