Биз менен байланышыңыз

Жунушалиев: Саймаити биздеги иш боюнча эл аралык издөөдө болчу

Кыска кабар | 13 Ноя 2019 | 953 | 0

Түркиянын Стамбул шаарынын Фатих районундагы отелдердин биринде 10-ноябрда атып кетишкен Айеркен Саймаити боюнча Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында маалымат берди.

Маалыматка ылайык, Айеркен Саймаитиге буга чейин 2017-жылы «Алдамчылык» фактысы боюнча мурдагы кылмыш жаза кодексинин 166 -беренеси боюнча 3 млн 28 миң 168 доллардан турган товарды жана акчаны өзүнүн өнөктөшү кытайдын жаранын алдап кеткен фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, ага эл аралык издөө жарыяланган.

«Бүгүнкү күндө ал биздеги иш боюнча эл аралык издөөдө болчу», — деди Жунушалиев.

Copyright © 2017 Maral FM