Биз менен байланышыңыз

Бекешев ботаникалык бактарды сактап калуу боюнча фонд түзүүнү сунуштады

Кыска кабар | 10 Фев 2022 | 492 | 0

Бүгүн, 10-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев өлкөдөгү ботаникалык бактардын абалы начар экенин белгилеп, бул багытта атайын иштерди алып баруу керектигин эскертти.

Анын пикиринде, ботаникалык бактарды сактап калуу үчүн атайын фонд түзүү керек.

«Алар эч каралбай калды. Бактар куурап, жаңылары отургузулган жок. Андыктан ботаникалык бактар үчүн атайын фонд түзүп, сактап калуубуз керек. Келиңиздер, ботаникалык бактарды сактап калуу жана өнүктүрүү боюнча фонд түзөлү», – деп кошумчалады ал.

Ошондой эле ал ботаникалык бактарга жыл сайын 10 миллионго жакын сом бөлүнгөнү менен анын жарымынан көбү кызматкерлердин айлыгына кетип жатканын, ага карабастан айлык 10 миңге да жетпей турганын, андыктан жаш, жаңы кадрлар келбесин белгиледи.

Мындан сырткары ал Октябрь районундагы ботаникалык бактын административдик имараты көмүр менен жылытылып, экологияны коргоого каршы келип жатканын белгилеп, ошол эле бакта ирригация маселелери да бар экенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM