Биз менен байланышыңыз

Бекешов бачабаздарга химиялык кастрация жазасын сунуштады

Кыска кабар | 15 Апр 2021 | 1468 | 0

Бүгүн, 15-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешов бачабаздарды химиялык кастрациядан өткөрүүгө уруксат берген мыйзам киргизүүнү сунуштады.

Анын айтымында, Казакстанда химиялык кастрацияга уруксат берилген. Кыргызстанда Жоргорку Кеңештин V чакырылышы колдоп, бирок президенттен колдоо тапкан эмес.

«9-апрелде Кара-Суу районун Кашкар-Кыштак айылында 7 жаштагы кызды 26 жаштагы бала зордуктаган учур катталды. Мен президентке ушул мыйзамды киргизүүнү сунуштайт элем» , — деди Бекешов.

Химиялык кастрация көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде өнүккөн Батыш мамлекеттеринде да бар. Бирок көбүнчө адамдын өз каалоосу менен ишке ашат. Ал эми хирургиялык кастрация дүйнө жүзү боюнча Чехияда гана жасалат.

Copyright © 2017 Maral FM